Бишкек мэриясы: "Калыс-Ордо жаңы конушундагы мэрияга караштуу 7 гектар жерди басып алууга 100дөй адам аракет кылган"





Кечээ, 15-октябрда Биринчи Май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушунда мэрияга караштуу 7 гектар жерди 100дөй адам басып алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Бишкек шаардык мэриясына караштуу Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын кызматкерлери барышкан. Бирок жарандар алардын айткандарын уккан эмес жана өздөрүнүн кылып жаткан иштерин андан ары улантып баштаган.
"Мындан улам Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманкан уулу расмий түрдө Биринчи Май РИИБинин башчысына кайрылып, массалык басып алуу уюштуруп жаткан жарандарга чара көрүүнү сунуштаган. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, жарандарды кармап кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.