Жогорку Кеңеште жеке жана юридикалык жактардын нотариалдык кызмат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеште жеке жана юридикалык жактардын нотариалдык кызмат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багыталган мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин мурда нотариуска барган адамдар кызмат акысын нотариустун өзүнө төлөп, ал 7 күндүн ичинде банктарга төгүп келгенин эскертти. "Азыр адамдар нотариустан кийин кайра банкка төгүп, анан нотариуска кайра барат. Кыскасы, ашыкча убарачылык жаралууда. Биз мурдагы тартипке кайтууну сунуштап жатабыз", - деди ал. Депутат Сайдулла Нышанов бул мыйзам кабыл алынып калса, нотариустарга оорчулук келер-келбесине кызыкты. Юстиция министри Марат Жамангулов нотариустар өздөрү мурдагы тартипке кайтып келүү өтүнүчтөрүн билдирип жатканын, Өкмөт мыйзам долбооруна каршы эмес экенин билдирди.



