Куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы 61 жашында каза болду
Куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы Бүүсара Асанова бүгүн, 16-октябрда каза болду. Бул тууралуу куудулдун кесиптеши Борончу Кудайбергенов билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум Бүүсара Асанова 61 жашта болгон. Ал 2 жылдан бери ооруп жүргөн. Өзү бул тууралуу "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Өкүнгөнүм, жаш кезде эч нерсени аңдабай, ден соолукка кам көрбөйт экенбиз. Ысык-суукту карабай, карылыкты ойлобой жүрүп бутума суук тийгизип алыптырмын. Бир жылдан бери баса албай отурам. Жамбыл карап, тамагымды берип жатты" деп айтып берген.
Маркумдун сөөгү эртең, 17-октябрда Ош шаарында жерге берилет.
SUPER.KG порталы Бүүсара Асанованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

А бирок Жамбыл аваңа жаңы аял издегениң уят!!!
Али жерге бериле элек аялынын сөөгү.
Сенден кеңеш сурап жатабы?
Жазат десе эле дөөдүрөйсүңөр оозуңарга батканча.
Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын.
Аллах бейишин берсин.
Жакындарына сабыр.