Депутат өзүн "Кудаймын" деп жүргөн теңирчилерге кандай чара көрүлө турганын сурады
Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов каттоодон өтпөй, иш алып жүргөн диний уюмдар барбы деп сурады.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов каттоодон өтпөгөн диний уюмдарга чара көрүлө турганын айтты. "Каттоодон өтпөгөн 20 уюм экстремисттик деп табылды, аларга күч органдары мыйзам чегинде чара көрөт", - дейт ал.
Депутат өзүн "Кудаймын" деп жүргөн теңирчилерге кандай чара көрүлө турганын сурады.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов теңирчилердин үгүтү экстремизм же улуттар аралык кастыкты козутуу багытында эместигин айтты.
Зайырбек Эргешов билдиргендей, теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эмес. "Кудаймын" деп жаткан адамдын айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт", - дейт Эргешов.




Туура. Азыр бузулган бузуку молдолор коп. Ортош керек, исламга баш ийбегендерди уй булосу менен жок кылгыла деп журушот.
Ыйман Алладан же молдодон келбейт. Ыйманды адам баласы озу издейт. Кыргызда айтмакчы бул жашоодо жамандыкты коруп, жакшылыка уйронобуз.