Депутат ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү диний саясатты жүргүзүү иштеринин жүрүшүнө кызыкты
Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдимажит Юсуров ЕАЭБдин алкагында диний багыттар боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү боюнча чечимдер кабыл алындыбы деген суроо салды.
Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Эргешов мамлекеттин коопсуздугу үчүн ар бир өлкө бул кадамга жакындап калганын айтты. "ЕАЭБдин алкагында диний саясаттын талаптарына дагы жооп беришибиз керек", - деди ал.
Абдимажит Юсуров билдиргендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында бирдиктүү диний саясат жүргүзүү боюнча меморандумга кол коюлган. "Силердин агенттик менен Орусиянын Федералдык агенттиги бул меморандумга кол койгон экен. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат?", - деген суроо салды Юсуров.
"Меморандумга Диний иштер боюнча мамлекеттик орган менен Орусиянын федералдык агенттиги экөөнүн ортосунда келишим түзүлүп, кол коюлган. Быйыл ушул меморандумдун алкагында "Ислам жана Христиан дини" деген конференция өттү. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнөн 15 студент Орусиянын окуу жайларына билим алууга жөнөтүлдү", - деди Зайырбек Эргешов





1 |