Депутат Жанар Акаев Түркиядагы элчинин "Ыйман" фондуна каражат сураганы боюнча мамлекеттин позициясы кандай экенин сурады
"Жакында эле Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Түркиядан "Ыйман" фондуна 5 миллион доллар акча сурады", - деп бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Биз эгемендүү, баалуулуктарыбыз бар, көз карандысыз мамлекетпиз. Түркия менен мамилебиз дайыма жакшы болуп келген. Мындан ары дагы жакшы болот деп ойлойм. Өткөндө бир окуя болгондо Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси "силерге мечит салып, жардам берип жатабыз" деген. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Элчинин акча сураганы кандай көрүнүш, мамлекеттин позициясы барбы?", - деп сурады депутат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов буга чейин Түркия "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөнүн айтты. "Маалымат каражаттарында маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи ушул жөнүндө сөз кылса керек", - дейт Эргешов.



