Чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөгүн алып келүү үчүн берилген компенсацияны 100 миң сомго көтөрүү сунушталды
Депутат Кубанычбек Нурматов чет өлкөдө жүрүп каза болгондорго төлөнүүчү компенсацияны 100 миң сомго көтөрүш керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Чет жакта каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келүү үчүн бир топ акча каражаты жумшалат. Бул учурда ал жактагы жарандар жана диаспора акча чогултушат. Андыктан маселени карап чыгып, компенсациянын көлөмүн көбөйтүү керек", - деди Нурматов.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов акыркы 9 айдын ичинде Орусиядан 211 адамдын сөөгү жүк-200 менен келгенин айтты.
"Бул маселе көптөн бери айтылып келе жатат. Эми депутаттардын сунушу менен компенсациянын көлөмүн 100 миң сомго көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз. Бирок бул нерсени бюджетке киргизүү маселеси бар",- деди ал.
Миграция кызматы чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө 50 миң сомдон берилип жатканын билдирген.
Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.








1 |