super.kg logo

9 жыл бою кыяматты күткөн үй-бүлө жер төлөдө жашап келгени белгилүү болду

 

9 жыл бою кыяматты күткөн үй-бүлө жер төлөдө жашап келгени белгилүү болду. Нидерландынын түндүк-чыгышында жайгашкан Дренте провинциясындагы Рёйнерволд кыштагынан анча алыс эмес жердеги фермадан полиция кызматкерлери жер төлөдөн 9 жылдай жашаган 58 жаштагы эркек кишини, 16 жаштан 25 жашка чейинки 5 адамды жана алардын атасын алып чыгышты. 58 жаштагы кишинин калган 6 адамга кандай тиешеси бар экендиги азырынча тактала элек. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, бул тууралуу Рёйнерволддогу барга келген 25 жаштагы үй-бүлөнүн улуу баласы айтып берген. Ал 13-октябрда келип, 5 кружка сырага буюртма берген жана барменге бир туугандары жөнүндө айтып, жардам сураган. Анын коё берилген узун чачы, сакалы жана кийими эски болгондуктан, түрү өтө суук көрүнгөн. Ошондой эле ал 9 жылдан бери биринчи жолу көчөгө чыкканын айтып берген.

Барга полиция кызматкерлери чакыртылып, алар 25 жаштагы жаранды алып кеткен. Кийин бак-дарактар менен курчалган ферма текшерүүгө алынган. Үйдөгү китеп шкафы аркылуу жер төлөгө кетчү тепкичтер табылган. Ал жактан 58 жаштагы эркек кишини көрүшкөнү менен ал издөө иштерине катышуудан баш тарткан. Рёйнерволд кыштагынын башчысы Рожер де Гроот "бул киши башка балдардын атасы эмес" деген. Үй-бүлөнүн башчысы жер төлөдө керебетте кыймылсыз абалда жаткан жеринен табылган. Балдардын апасы тууралуу маалымат жок. Ал бир канча жыл мурун каза болушу мүмкүн дешүүдө.

Ошондой эле бул үй-бүлө жер төлөдө так канча убакыт өмүр кечиргени да белгисиз болууда. Үй-бүлөдөгү балдар тышкы дүйнө менен байланышы жок чоңоюшкан. Алар чарбакта өскөн азыктар менен тамактанып, жан сакташкан. Мындан сырткары, алардын эчкиси дагы болгон. Кошуналары ал жерде жалгыз эркек киши жашайт деп билишкен жана ал эч бир адамдын үйүнө киришине уруксат берген эмес деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.10.2019. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер толосу сактап калат бекен анан??
16.10.2019. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайран гана 9 жылдык өмүр
16.10.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2012-жыл, 21-декабрдагы Мая элинин календарындагы акыр замандан качып кирип кетишкен го
16.10.2019. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыямат болсун дейли макул ушу бекингендер тируу калышса.Андан кийинки жашоосу кандай болот.Олгон жаныбарлардан канча оору жугат жашоонун кызыгы не эч ким жок болсо
16.10.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эч кандай кыямат болбойт. Бул жон гана диний шарлатандардын чыгарганы.
17.10.2019. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996,Ден соолугун чын болсун)) сабыр кыл баары жакшы болот !!!
17.10.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996, Астафиралла, Алла таалам сага ыйман берсин
16.10.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыямат куну хадисте айтылган ,аалахым бугунку откон кунубузду отуп жатканын коруп турабыз ,аа эртен эмне болорубузду эчким билбейт
17.10.2019. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ислам дини эмнеге адам затка берилген жэ эмнеге адамзатты дин менен жашоого ундойт деген суроого жооп таппаган адам динди жаман коро берет. Дин адам затты аялды аялдай эркекти эркектей сактап бузулбай адам боюнча таза сакталып адамдык сапатын жоготпош учун дин берилген. Дин эси акылы жайында адамга гана тушунуктуу. Себеби дин мээси таза акыл эси тунук мээге гана кирет.
17.10.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тормозы)
17.10.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай деп суйлоп, Кудай деп жашайлы мусулман бир туугандарым!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: