super.kg logo

Депутат Орусия мигранттардын өз мекенине акча которуусу боюнча чектөөлөрдү токтотпой жатканы тууралуу пикирин айтты

 

Депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкө ЕАЭБке киргенине карабай, Орусия мигранттардын өз мекенине акча которуусу боюнча чектөөлөрдү токтотпой жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Орусия Мигранттардын өз мекенине акча которуусу боюнча чектөө киргизди деп айтылды. Ошол багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат. Эки күн мурун Екатеринбургдагы ишкер мекендештерибиз кайрылышты. Алардын чоң суммадагы акчасын Орусиянын Улуттук коопсуздук кызматы, Экономикалык кылмыштар боюнча органдын кызматкерлери арест кылып алып коюптур. Мына ушул мыйзамга такап туруп. Албетте, бул маселенин башы гана. Мындан ары чара колдонбосо, татаалдана берет", - деди Кыдыралиев

Жогорку Кеӊештин жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: