Улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин: "Эки оюнда 6 упай алуу оңойго турган жок"

15-октябрда Кыргыз футболчулары Монголияны конокто 2:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен Кыргыз өлкөсү 3 оюнда 6 упай топтоп, өз тайпасында 2-орунга чыкты. Оюн тууралуу Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ой бөлүштү.
"Эки оюнда 6 упай алуу оңойго турган жок. Мьянма жана Монголия менен болгон беттештерде жеңишке жетишүү абдан маанилүү болчу. Улан-Батордо болгон оюн абдан татаал болду. Оюндун 1-таймында жакшы ойнодук, экинчи бөлүгүндө каталарга жол бердик. Ири эсепте утууга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Монголия өз үйүндө кооптуу атаандаш экендигин футбол талаасында көргөздү", - деди Крестинин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Биздин команда эн слабый командаларды женди.Дуйнолук оюнга чыгуу учун коптогон кучтуу командалар менен ойношу керек.Саша байке,команданызды дагы коп машыктырышыныз керек.Мен учун биздин команда начар ойноп жатат.Мындан ары жакшы ойнооруна ишенем.Умутубуз чон силерден.