Жалал-Абадда жеңил унаа менен оор жүк ташыган унаа сүзүшүп, 5 адам ооруканага жеткирилди



Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Ленин айылында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүшкөнүн SUPER.KG порталына окурман билдирген болчу.
Бул жол кырсыгы боюнча Жалал-Абад жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө байланышканыбызда маалыматты тастыктап, буларды билдирди.
"Бүгүн, 16-октябрда саат 10:00 чамасында Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндө жол кырсыгы катталган. Анда Дэу Матиз унаасы оор жүк ташыган унааны барып сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда жол кырсыгы боюнча маалыматтар такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
elchi84

16.10.2019. 18:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чункурдан качамын деп сузуп алгандыда Ош Бишкек жолу Ноокен районунда илме тешик болуп кеткен авария коп болот .Жамап коет ашып кетсе бир ай турат.Ушуну караганы ким конул бурат .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.