2020-жылга карата эс алуу күндөрүнүн календары жарыяланды

Өлкөдө 2020-жылга карата 13 күн эс алуу даталары белгиленди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ага ылайык, төмөнкү күндөрү өлкөдө эс алуу күндөрү деп жарыяланды:
1-январь — Жаңы жыл;
7-январь - Рождество майрамы;
23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү;
8-март — Аялдардын эл аралык майрамы;
21-март — Нооруз майрамы;
7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнү;
1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнү;
5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнү;
9-май — Жеңиш күнү;
31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;
7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү;
Орозо айт жана Курман айт күндөрү.
Эгер майрамдар дем алыш күнүнө туш келип калса, дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.



