Эки кыргыз мушкери бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинде өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Аталган мелдеште эки кыргыз мушкери финалга чыга алышты.
80 килограммдан жогорку салмакта Арген Бактыбеков жарым финалда үй ээсинин мушкери Абдуллах Алхосанды жеңип, финалга чыкты.
Дагы бир кыргыз мушкери 80 килограммга чейинки салмакта Халит Алиев казакстандык Мади Амировду жеңип, алтын медаль үчүн күчүн сынайт.
Буга чейин бул мелдеште 75 килограммга чейинки салмакта Кабатай Мукаш уулу коло байге жеңген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.