super.kg logo

Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маселе талкууланды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу 2020-2021-жылдары Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маселелер талкууланды.

Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландалган: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).

БШКнын төрайымы 2020-жылдагы шайлоолорго даярдыктар боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү убакытты талап кыларын жана кезектеги шайлоолордун мөөнөтүн сактоону эске алуу менен пландаштырылганын белгиледи. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү практикалык жактан ишке ашыруу жана өлкөнүн шайлоо системинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системин бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү, жарандардын шайлоо системине ишенимин жогорулатуу жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: