Парламентте Кыргыз-Түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште эки тараптуу Кыргыз-Түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган мыйзам долбоору каралды.
Депутат Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Ошондой эле анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 430 миллион долларды түзөт. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.