2020-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүнүн бардык май куюучу жайларында автоматташтырылган систем иштей баштайт



2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз өлкөсүнүн бардык май куюучу станцияларында мунай заттарды эсепке алуунун автоматташтырылган системи колдонулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Улукбек Самыйбеков маалымат жыйынында билдирди.
"Эсепке алуунун автоматташтырылган системи контрафакттык товар, анын ичинде күйүүчү майлардын да санын кыскартууга жардам берет. Ушул жылдын 1-январынан тартып мунай заттары үчүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү каралган. Кабыл алынган токтомго ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мунай заттарын алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатылышына көзөмөлдү күчөтүү үчүн жаңы талаптар белгиленген. Мунай зат базасы же резевуарларга ээ болуу же башка мыйзамдуу негиздери болуу шарты менен гана майларды дүңүнөн сатууга болот. Ал эми чекене сатуу көзөмөл-касса машинасы, жабдыктары жана мунай заттын автоматташтырылган электрондук тутуму бар май куюучу жайларда гана жүргүзүлөт", - деди ал.
Бул жаңы талаптар Кыргыз Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мунайды, мунайзатты эсепке алуу жөнүндө" токтомуна ылайык, мунайды жана мунай затты казып алууда, өндүрүүдө, ташып келүү, сатууда мунай заттардын өлкөнүн аймагында жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө максатында каралган.





1 |