super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтмөй болду

 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдарга пландалган шайлоолордун графиги жарыяланды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан маалымдашты. Ага ылайык, шайлоо күндөрү төмөнкү күндөргө белгиленди:

  1. 2020-жылдын 12-апрели - 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен - 26 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу);
  2. 2020-жылдын 4-октябрында - Жогорку Кеңешке шайлоо;
  3. 2021-жылдын 11-апрели - 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде:

-385 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (369 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата);

-ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган 32 кеңешке шайлоо (26 айылдык кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен).

  1. 2021-жылдын 10-октябры - 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1 Кара-Суу шаары);
  2. 2022-жылдын апрели – 18 кеңешке (3 шаар – Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токтогул);
  3. 2023-жылдын апрели – 13 кеңеш;
  4. 2023-жылдын октябры – 1 Саруу айылдык кеңешине президенттик шайлоо менен чогуу.

"2020-жылдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт талап кылынат жана кезектеги шайлоолордун мөөнөттөрүнүн сакталышын эске алып пландалган. Жергиликтүү шайлоолорго 386 миллион суммасындагы чыгымдар 2020-жылдын бюджетинен 2021-жылга которулган. 2020-жылы БШКнын жалпы чыгымдары 928 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: