super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Үй шартында биогаз жана жер семирткич иштелип чыгууда

 
Көрүнүп турган идиште биогаз даярдалууда
Жер семирткич даярдоо процесси
Үй шартында өндүрүлгөн биогаз ушул түтүктөр аркылуу өтөт
Даяр болгон биогаз көрүнүп турган кызыл идишке топтолот
Процесстеги температураны жөнгө салып туруучу жабдуу
Бул чоң идишке даяр болгон жер семирткич топтолот
Даяр болгон жер семирткич идишке куюлуп жатат
Даяр болгон биогаз бул 10 тонналык идиште да сакталат
Бул идиште ар дайым суу толтурулуп турат. Анткени кичи ишкананын ишине суу дайым керек болот
Жалал-Абад шаарында малдын кыгы кайра иштетилип, технологиянын жардамы менен үй шартында биогаз жана жер семирткич иштелип чыгууда. Жеке ишкер Бактыбек Сулаймановдун айтымында, бул иш менен ал 1 жылдан бери алектенүүдө. Атайын техникалар чет элден алынып келинип, жергиликтүү компаниялар орнотуп беришкен. Жер семирткич жасоодо алгач малдын кыгы 50 тонналык идишке топтолот. Кык ысык температурада ачыгандыктан, идиштин (челек) ичине мештер орнотулуп, ар дайым 39 градус ысыктыкта кармалып турат. Ачыган кыктан бир убакта биогаз жана жер семирткич иштелип чыгат. "Бир күндө 165 метр куб биогаз, 3 тоннадай жер семирткич өндүрүлөт. Бир күндүк өндүрүлгөн биогаз 20 үйдү газ менен кенен камсыздоого жетет", - дейт ишкер. Учурда кол алдында 4 адам иш менен камсыз болушкан. Келечекте бул ишти жайылтып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошсом деген тилектери бар экенин айтат Сулайманов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: