Финансы министрлиги: "8 айда ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товар сатып алуунун үлүшү былтыркыга салыштырмалуу 11,8 пайызга жогору болду"




Финансы министрлигинин кызматкерлери ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товарларды сатып алуу боюнча анализ жүргүздү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди анын жыйынтыгы менен тааныштырышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылган товардын 112 түрү бар. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык, ушул жылдын 8 айында ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алуунун үлүшү 2018-жылга салыштырмалуу 11,8 пайызга жогорулап, жалпысынан 47,8 пайыз башкача айтканда, 23,4 миллиард сомду түздү.
Азык-түлүк боюнча, ата мекендик сүттү, суу, мөмө жемишти сатып алуу 99 пайызды түзүп, алдыда турат. Курулуш материалдарын сатып алуунун көрсөткүчү дагы жаман эмес 90 пайыздан ашык. Ал эми күйүүчү - майлоочу май жана медикаменттер негизинен чет өлкөдөн алынып келинет.
"Бул сандар рыноктогу чыныгы абалды көрсөтүп турат. Тагыраак айтканда, биз кантип иштейбиз, кантип өнүгөбүз деген маселелердин үстүндө иштешибиз керек экенин көрүп турабыз. Бул бизнес үчүн дагы жакшы багыт болот. Ишкерлер мына ушул көрсөткүчтөргө таянып, суроо-талап жогору болгон товарларды өндүрө турган жаңы ишканаларды ачса болот", - деди премьер-министр.





1 |