Кыргыз өлкөсүндө 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан франциялык кыз изделүүдө
Кыргыз өлкөсүндө франциялык кыз изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдалды. Маалыматка ылайык, кечээ 17-октябрда 102 кызматына Франциянын Пьер аттуу жараны байланышка чыгып, Флорентина аттуу курбусу ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошол эле күнү Франциянын К.П. аттуу жараны милицияга кайрылып, анын жубайы Флорентина Кариерди табышууга жардам сураган.
"Дайынсыз болуп жаткан кыз 1994-жылы туулган. Бою 160 сантиметр. Ал 9-октябрда саат 20:00 чамасында Ош шаарынан Бишкекке келгенин жакындарына кабарлаган бойдон дайынсыз. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Флорентина Кариердин жүргөн жерин аныктоо үчүн Бишкектин 4 районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери тартылган. Издөө иштеринин алкагында, изделип жаткан кызды Бишкек-Балыкчы жолунан көргөндөр бар экендиги маалым болгон. Андан кийин аны издөөгө Ысык-Көл ОИИБи да тартылды. Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин улантууда", - деп айтылат маалыматта.





1 |