super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болгондордун 12си ооруканадан чыгарылды

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болуп, Баткенден Бишкекке алынып келген 13 жарандын 12си ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"12 адам бир жума мурун ооруканадан чыгарылган. Алардын катарында 27 жаштагы ок атышуудан жарадар болуп комада жаткан жаран дагы бар. Ал эми бир жабырлануучу аял киши учурда Воронцовкадагы санаторийлердин биринде дарылануусун улантып жатат", - деди басма сөз кызматынан.

16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын баары тик учак менен Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: