super.kg logo

Депутат Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин башкаруу системин өзгөртүү керектигин айтты

 

Депутат Аалы Карашев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин башкаруу системин өзгөртүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал аталган агенттиктин директору Бекжан Супаналиев жыйынга даярдыгы жок келгенин белгиледи.

"Сиздин бул кызматка келгениңизге 11 ай болуптур. Мындай даярдык болбойт. Жыйынга 15 киши ээрчитип келиптирсиз, депутаттардын суроолоруна так жооп беришиңиз керек. Агенттиктин башкаруу системин жаңылоо керек. Байкоочу кеңешке отчёт берип коёсуңар болду. 2003-жылдан бери 17 жыл өттү. Жаңы системдерди киргизиш керек", - деди Карашев.

Учурда фракция жыйынында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселе каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: