Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда "Жасмин" кафесинин мыйзамсыз ээлеп алган аймагын кайтаруу чечими кабыл алынды

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча отурумунда "Аламүдүн-1" аймагындагы жерди мыйзамсыз ээлеп алуу маселеси каралды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, "Аламүдүн-1" аймагында жайгашкан "Жасмин" кафесинин администрациясы өз билемдик менен, 103 чарчы метрге туура келген жерди ээлеп алышкан. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы аларга эскертүү катын жөнөткөн. Анын негизинде кафенин администрациясы мыйзамсыз жерге курулган имаратын өз алдынча бузууда. Демонтаж үчүн мамлекет компенцасия төлөбөйт", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, муниципалдык менчикке кайтарылган аймакта коомдук веложолдун курулушу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.