Мирбек Айтикеев Кой-Таш окуясынан бери КСДПнын өкүлдөрүнө байланышка чыга элек
Айрым жергиликтүү маалымат булактары КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеевдин үй-бүлөсү менен Швецияда экенин жазды. Анда жазылгандай, Айтикеевдин өлкөдөн качан жана кантип чыгып кеткендиги белгисиз.
Ал эми КСДПнын мүчөлөрү Айтикеев 7-8-августта Кой-Таш окуясы болуп өткөндөн бери аларга байланышка чыкпаганын билдиришти. Партиянын айрым өкүлдөрү ал агасы Адилет Айтикеев менен чогуу, Америкада болушу мүмкүн деп божомолдошот.
Мирбек Айтикеевди Кой-Таш окуясынан кийин күч органдары кармап кетти деген маалымат тараган. Бирок ИИМ КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана журналист Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка да чакырылган эмес деген билдирүү тараткан болчу. Ал 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназдын кирип келгенин биринчилерден болуп кабарлагандардын бири.

Кээ бир АШАнын умный дурактары өзүнчө эле акылдуу болуп, жазганын көрүп күлүң келет, мамлекеттен Миллиард акчаларды уурдап, кылмышка күбө катары 3 жолу чакырса келбеген канкорду ###### жуктап жатат. үйгө келген ИИМ кызматкерлерин аткыдай ал жер эмне кыргызстан эмеспи же озүнчө Анклав болдубу эле