2020-жылдан тартып өлкөнүн бардык облустарындагы мугалимдер дистанциялык окуудан өтөт
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу дистанциялык жол менен жүргүзүлө баштады.
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда мугалимдерди инновациялык окутуу үчүн беш компьютердик зал ачылды.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окутуунун жаңы дистанциялык ыкмасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системин өзгөрттү. Эгер мурда мугалимдер эки жума лекция, семинарларды угуп, реферат жазышса, азыр педагогдор бир апта дистанттык түрдө окуп, экинчи жумасында Бишкекте практикадан өтөт. Окутуунун жыйынтыгында алар өз иштерин коргоп, электрондук тесттен өтүшөт", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Буга чейин курстардын тематикасы, теориялык билимди өнүктүрүүгө багытталса, азыр окутуунун темалары мектеп, бала бакча боюнча практикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Педагогдорго жаңы билим берүү да үйрөтүлүп, максат коюу технологиялары, өз ара интерактивдүү байланышуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча практикалык жөндөмдөр үйрөтүлөт.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун бул ыкмасы окуудан өткөн педагогдордун санын жылына 2000ден 8000ге чейин жеткире алат. Мындан сырткары,дистанциялык окутуу республикалык бюджеттен каржыланган мугалимдердин иш сапарынын чыгашасын эки эсеге азайтат.
Институттун дистанттык окутуу платформасында беш онлайн курс жайгаштырылган:
"Пландаштыруу жана стандарттар", "Баалоо", "Кыргызстандын мектептериндеги маалымат жана байланыш технологиялары", "Активдүү, интерактивдүү окутуу", "Мугалимдердин тынымсыз кесиптик өнүгүүсү"
Дистанттык окутуу бул жылы Чүй облусундагы мугалимдер үчүн уюштурулду.
2020-жылдан тартып бул ыкма өлкөнүн бардык облустарында жүргүзүлө баштайт.



