Кара-Суу району 2020-жылы бюджеттен эң көп каражат алары талкууга түштү
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районуна 2020-жылы республикалык бюджеттен 156,4 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган бюджеттин долбоорунда жазылган. 2019-жылы аталган районго 111,1 миллион сом бөлүнгөн.
Дубандарга келсек, Ош облусуна 636,2 миллион сом, Жалал-Абад облусуна 402,1 миллион сом, Чүй облусуна 160,7 миллион сом, Нарын облусуна 301,4 миллион сом, Талас облусуна 121,7 миллион сом, Ысык-Көл облусуна 111,9 миллион сом, Баткен облусуна 224,5 миллион сом бөлүнөрү пландалууда.
Кара-Суу - бул өлкөдөгү эң көп калктуу район болуп саналат. Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылдын башында аталган райондо 430 миң 814 адам жашайт. Салыштырмалуу иретте алып караганда, бүтүндөй Нарын облусундагы калктын саны 287 миң кишиден, Талас облусунда калктын саны 263 миң 500 кишиден турат.












1 |