"Өкмөт Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү май куюучу станцияларды коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойт" дейт премьер-министр



Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө инфраструктуралык, социалдык, өндүрүш объектилерин куруудагы жана колдонууга берүүдөгү талап кылынган нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды угуп, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өкмөт башчы абага чыккан зыяндуу заттарды азайтуу, ошондой эле билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруудагы көзөмөлдү күчөтүүнү активдештирүүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Ал зыянсыз жана экологиялык жактан таза материалдарды колдонуунун маанилүүлүгүн эске салды.
"Өкмөт баш калаанын жаркыраган борбордук бөлүгүндөгү май куюучу станцияларды, адамдардын ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди азайтуу үчүн коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойт. Бул биздин борборубуз үчүн маанилүү. Кыргыз мамлекетинде бизнести негизсиз текшерүүлөргө бөгөт коё турган мораторий киргизилген. Бирок ишкердик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келбегендей болушу керек. Ал эми коопсуздук нормаларынын сакталышы боюнча маселеде бардык тийиштүү талаптарды сапаттуу аткарууга жетишүү зарыл", - дейт премьер-министр.



