super.kg logo

Ташкентте мугалим гимнди айталбай калган окуучу кызды желим бөтөлкө менен башка чапкан

 

Өзбекстандын Ташкент облусунда мугалим 8 жаштагы окуучу кызды желим бөтөлкө менен чаап жиберген. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Ага ылайык, мугалим анын сабагынан гимнди айтып бере албай койгон окуучу кызды клей куюлган желим бөтөлкө менен башка чапкан. Окуя тууралуу кыздын апасы социалдык тармактарга билдирген. Анда "Окуя быйылкы жылдын январь айында эле орун алган. Бирок азыр гана ачыкка чыгып отурат. 2-класста окуган Согдиана Өзбекстандын гимнин айта албай койгон. Буга кыжырданган мугалими ага желим бөтөлкө менен кол көтөргөн. Кийин кыздын апасы ооруканага кайрылганда, окуучунун баш мээси чайкалганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Мугалим кызын эки жолу башка чапканын айткан апасы: "Кызым кускусу келип, башы ооруп жатканын дайыма айтат" деп билдирген.

Маалым болгондой, жабырлануучу тарап укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Алар маселени өз ара чечишип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.10.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бечара кыз айыгып кетсин ылайым. Жанагы биздин гимнди билбеген жеп жутарлардын башына лом менен чабыш керек ошондо кутулабыз керексиз элиталардан,кечиресиздер мен өзүм оюмду жаздым
19.10.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кана мен дагы ак уйго мугалим болуп калсам ай уйдогулорду чекесинен башка чапмак экенмин
19.10.2019. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
90чу жылдпры окуучулар темирден беле? Журналдын кыры кычыштырып койбочу элего! Указка таякты көргөндө миңге койчубуз бирок. Азыркыларды баклашка менен чаап койсоң чачылып кетет го. Китайский подделкаларбы дейм баары?))
19.10.2019. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Желим бөтөлкөгө мээси чайкалыппы,бу туугандар дагы кичине көбүртүп ийчи эле,
19.10.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугаалимдерден далай ирет таяк жеп бирда жолу даттанбай этпей мээбиз чайкалбай эле чоңойгонбуз тескерисинче дагы уят болбойлу деп жакшы окучубуз азыр тиелек жатып арызданып интернетке чыгарып элге жайып жиберишет уят 21 кылымдын балдары
19.10.2019. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чуук тийбес чынкылдак болуппу... Бирок коз салып туруш керек ата-энелер...Мугалимдер да чектен чыгып кетишет кобунчо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: