Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жубайы: "4 баламдын убалы кимге? Жолдошумдун иши боюнча акыйкат чечим чыгуусун суранам"





Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова "президент Сооронбай Жээнбековго жасаган кайрылуума эч кандай жооп болгон жок" дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында Канат Сагымбаевди колдоо үчүн уюштурулган тынчтык митинги учурунда билдирди.
"Сооронбай Жээнбековго жасаган кайрылуума, суранычыма эч кандай жооп болгон жок. 4 баламдын убалы кимге болот? "Эмне болдуң, балдарың бар эле, эмне болуп атат?" деп курулай сөз менен болсо да эч ким сурап койгон жок. Дагы деле үмүтүмдү үзбөй акыйкаттык бар деп кайрылып келем. Жолдошума коюлган айыптар негизсиз, ал өз милдетин аткарды. Акыйкат чечимди чыгарып берсе деп баарыбыз чогулуп отурабыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
1

Сооронбайдын начардыгын ушундан билгиле, бийлик озу Атамбаевди коргоп жур деп буйрук берип, оз милдетин аткарып жургон жоокерди бугун камап отурат.
Жоокер жетекчилери эмне буйрук берсе аткарат да. Атамбаевди камоодон мурун ал жоокерди Сокенин бийлиги чакыртып албаса, байкуш жоокерде эмне куноо?!!
Раимге окшогондор кутуруп журот, карапайым
Соттун чечимин кутолу дейт уялбай. Сот озу мыйзамсыз камап жатса, Сокенин куурчак сотунан кайдагы акыйкаттыкты кутсо болот?!!
Сокенин соттору жепжутарларды бут чекеден бошттуп актап жатат, Садыр менен Мелиске окшогондорду куноолуу деп отурат!!!
Мына силерге Сокенин чириген, сасыган, б*к жыттанган "акыйкаты"!!!