super.kg logo

Нурсултан Назарбаевдин небереси Лондондо соттолду

 

Лондон соту Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевди шарттуу түрдө сыноо мөөнөтү менен 1 жарым жылга соттоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев июнь айында Лондондо полицияга каршылык көрсөтүүдө жана офицерге кол салууда күнөөлүү деп табылган. Соттук териштирүүнүн натыйжасында, ал баңгизатын колдонгон абалда полиция кызматкерин чаап жиберип, колун тиштеп салган. Соттун чечимине ылайык, ал баңгизатына көз карандылыктан арылуу үчүн дарыланып, 140 саат коомдук жумушка тартылып, 1000 фунт стерлинг айып пул, келтирилген зыян үчүн 5000 фунт стерлинг компенсация төлөп бериши керек.

Айсултан Назарбаев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева менен маркум бизнесмен, саясатчы Рахат Алиевдин уулу. Айсултан Казакстандын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгында жана Казак футбол федерациясында эмгектенген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.10.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Копкон неме да. Казак элинин ырыскысын уурдаган акчага копкон . 5000фунт алар учун беш тенгедей эле болот.
19.10.2019. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Токчулукту кой гана которот
19.10.2019. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым хидаят берсин
19.10.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Таятасынын фамилясын алган неме жыргатмак беле...
20.10.2019. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,Фамилия коп роль ойноптурго бекеринен албаганда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: