super.kg logo

Өлкөдө гемодиализге муктаж болгон бейтаптар аны чектөөсүз жана кошумча каражат төлөбөстөн ала алышат

 

Октябрь айынан баштап гемодиализге муктаж болгон бейтаптар аны чектөөсүз жана кошумча каражат төлөбөстөн ала алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Венера Ташманбетова өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

"Бүгүн, 19-октябрда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен болгон жолугушууда гемодиализ маселеси тууралуу талкуу болду. Анда министр өкмөттүн 2019-жылдын 29-августундагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге киргизгенин айтты. Бул өзгөртүүлөр ушул жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирген. Ага ылайык, жарандар гемодиализди 1 календардык айга мурункудай 12 сеанс эмес, 13-14 сеанс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бейтаптар бүгүнкү күндөн тартып, керектүү процедураларды чектөөсүз жана кошумча каражатсыз ала берсе болот”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматты тактоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, алар бул маалыматты тастыкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.10.2019. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жылдын эн жакшы жанылыгы экен буюрса !!! Аллах ыраазы болосун!
19.10.2019. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакшы жаңылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: