Өкмөт башчы кыргыз тили боюнча тест тапшырып, эң жогорку баа алды



Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Абылгазиев өкмөттүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды. Тестирлөө бүткөндөн кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.
Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты. Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин белгиледи. «Биз окутуу системин жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдир бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбошу дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек. Биз өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул тилди сактоо маселеси чыгып жатканын көрүп жүрөбүз", - деди Абылгазиев.
Анын айтымында, учурда өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүүдө, бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөөсүн, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттайт. Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүү абзел, болгондо да аны кемчиликсиз билүү керектигин айтты.














1 |