Нур-Султанда үй ээси өзүнүн аялын атып өлтүрүп, баласын жарадар кылды

Казакстандын Нур-Султан шаарында мас абалдагы эркек аялын өлтүрүп, баласын жарадар кылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда саат 23:00 чамасында болгон. Анда 59 жаштагы үйдүн ээси өз үй-бүлөсүнө карата ок чыгарган.
"Түшүнбөстүктөрдөн улам жубайлар арасында чыр чыгып, шектүү аялына карата ок чыгарып, жарадар кылган. Аялы алган жаракатынан улам каза болгон. Окуяда жубайлардын баласы дагы жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Азырынча шектүү куралды кайсыл жактан алганы белгисиз", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.