super.kg logo

Египеттеги көрүстөндөрдүн биринен буга чейин ачылбаган мумия салынган 30 саркофаг табылды

 

Египеттин археологдору өлкөнүн түштүк тарабындагы Луксор шаарында жайгашкан аль-Асасиф көрүстөнүнөн фараондордун 22-династиясынын башкаруусуна таандык болгон мумия салынган 30 түстүү саркофаг (табыт) табышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары билдиришти.

Табылга жер катмарынан 1 метр тереңдикте болгон. Биринчи катарда 18 табыт, ал эми экинчи катарда 12 табыт жаткан. Аларда эркектердин, аялдардын жана 3 баланын мумиясы салынган. Табыттардын жашы 3 миң жыл деп айтылууда. Сыртына жазылган жазуулар да ушул күнгө чейин мыкты сакталган. Ошондой эле алар заманбап доордо табылган эң маанилүү археологиялык табылга экендиги, табыттардын бири да бул күнгө чейин ачылбагандыгы айтылды.
Маалым болгондой, табыттар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин Египеттеги Гиза пирамидасынын жанына ачыла турган музейге коюлат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.10.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
Эми муну Чубака окшогон исламист чала молдолор ортогуло, олтургуло деп баштайт эмеспи.
21.10.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
filis,өзүң чала сабат экендигиң билинип турат.
21.10.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
filis,filis sfilis
21.10.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
filis,антип сенин өзүн кудай сезген арстан мышыгыңа айт. Теңирчилер чектен чыгып кетти буларды көзөмөлдөш керек
21.10.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
interpol,
Коркпой эле кой мен исламист дагы тенирчи дагы эмесмин.
22.10.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
filis,мен жон эле элге, динге кызмат кылган инсандын жаман коргон акыйкатты коро албаган кор пенденмин дебейсинби, тушунуктуу.
wwwww түзөттү 2019-10-22 10:45:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: