super.kg logo

Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдун соту 25-октябрга жылдырылды

 

Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыпталуучулар Албек Ибраимовдун жана Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарёв сот отурумга келбегендигине байланыштуу отурум 25-октябрга саат 09:00гө жылдырылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.10.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул Сергей деген канчоосуна адвокат? Эми бул жетишпесе адвокат келбеди деп жылдыра берет да.Азыр карап корсонор Атамбаевке, Сагынбаевке бул экооно Жолдубаевага,Дамирге, Фаридге, баарына бир адвокат.
21.10.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул козулардын иши такыр бүтпөй койдуго. Мындай жеп-ичкен адамдарды мыйзамдын негизинде катуу жазалоо керек. Бири мектептен жеди, бири аэропорттон жеди.
21.10.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албек менен Кулматовду сурагы жок кустуруп, сурагы жок 40 жылга камаса да жарашат!
21.10.2019. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албек, Кубанычбек жалан гана бектер, тарыхта бектер элин коргоп, душман менен согушка озулору чыгышчу, "современный" бектер - элдин акчасын уурдашат, толосун... чет олкодо эс алып жургондорун чыгарып алгыла!
21.10.2019. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
9000 сомдук кочоту учун бул Албеке эмнеге кылмыш иш козголгон эмес ошнуда кошуп койбойсунарбы анан Манас аэропортундагы 5 млн долларды да ушуш Албек чыгарып кеткен
21.10.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Калыс ордого салынган мектеп өтө эле кымбат салынган андай акчага мындай мектептен 5ти салса болот болчуу
chake түзөттү 2019-10-21 15:54:31
21.10.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оштун мурдакы мерин Мырзакматовду өзү да жактоочусу да жок эле бир сааттын ичинде соттоп таштаган.Эмнеге ушул АШАнын методун колдонбойсунар.Же ушинтип созо берсе кийин боштондукка чыгабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: