super.kg logo

Elite House компаниясы Спорт сарайын реконструкциялоо ишине бардык шаар тургундарын жана ишкерлерди катышууга чакырат

 

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы 1974-жылы курулган. Бул жыл аралыгында ал биздин өлкөнүн спорт жана маданий жашоосунун абдан маанилүү объектиси болуп калды. Дал ушул жайда ири спорттук мелдештер, иш-чаралар, жергиликтүү жана чет элдик артисттердин катышуусунда концерттер өтүп келет.

Elite House компаниясы жоопкерчиликтүү корпоративдик-социалдык саясатты жүргүзөт. Анын алкагында Бишкекке көмөк көрсөтүп, Спорт сарайынын реконструкциясы жана өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жатат. Бүгүнкү күнгө карата оңдоо иштери аягына чыга электигин белгилей кетүү керек. Отургучтарды алмаштыруу Elite House компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин биринчи эле баскычы. Жакынкы аралыкта сахнанын көшөгөсү жана залдагы көрсөткүчтөр да алмаштырылат. Андан тышкары, аныкталган бюджетке ылайык, Спорт сарайынын администрациясы тарабынан айтылган башка маселелер чечилет.

Elite House компаниясы жана Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын ортосунда мамлекеттик-жеке жактын өнөктөштүгү тууралуу макулдашууга кол коюлган. Анын алкагында, компания концерттик залдын реконструкциясы боюнча иштерди жүргүзүүдө. Elite House толугу менен өзүнө алган милдеттемелерди аткарып жатат жана макулдашууда аныкталган мөөнөттүн ичинде аягына чыгарат.

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы сыяктуу республикалык маанидеги маанилүү объектинин тагдырына коомчулук көңүлкош карабаганы кубанычтуу.

Elite House компаниясы концерттик залдын реконструкциясына коротуп жаткан салымына карата көңүл буруу позитивдүү нукка багыт алат деп ниет кылат. Муну менен Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын реконструкциясына жана анын кийинки өнүгүүсүнө шаардыктар да, ишкерлер да колдон келишинче салым кошкон болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.10.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тимур Файзиев озунуз туулуп оскон Жалал-Абад шаарын да эстен чыгарбан сураныч.
21.10.2019. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чехол кийгизип коюпсунаргоо. Ал эртең эле тытылып кетет.
21.10.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bahabrat79,тытпастан отурса, озунон озу тытылбайт
21.10.2019. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кошогосун алмаштырып элит хаус деп дубалын сырдап элит хаус деп жазып койгула,полуна да элит заус сахнага элит хаус деп)))
21.10.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чехол эле кийгизип койуптурго молодец ушунусунада жаны столдорду койсо жакшы болмок
22.10.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отургучтардын болгону сырткы көрүнүшү эле начар болчу,а абалы жакшы эле болчу да. Ошол отургучка чехол кийгизбей жүргөн спорт ордонун администрациясына таң калам да. Күнүгө концерт болот, аренда акысына оңдоп койсо болчудай эле. Эми ал жерде да коррупция бар экени көрүнүп эле турбайбы. Рахмат Elite House силерге, ишиңерге ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: