super.kg logo

"Мадина" кафесинин ээсинин өлүмүнө шектүүлөрдүн арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар

 

Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармады. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран да бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Ошондой эле бүгүн, 21-октябрда шектүүлөр СИЗО-1ге киргизилди. Чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.

Шектүү К.Э. 55 жашта. Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ички иштер министрлигинин отставкадагы пенсионери. 2016-жылы Бишкек ШИИББинде кызмат учурунда опузалап талап кылуу менен кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал жеке ишкердин өлүмүн уюштурган деп шектелүүдө.
Шектүү Ш.У. 29 жашта. Ал Бишкек шаарынын тургуну. 2010-2014-жылдары Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө инспектор болуп иштеген.
Шектүү К.Б. 29 жашта. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.
Шектүү В.Д. 33 жашта. Казакстандын Алматы шаарында төрөлгөн.
Шектүү М.Т. 34 жашта. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Маркумдун унаасын уурдап сатууга шектелүүдө.
Шектүү Ө.у.Т. 27 жашта. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскон айылында туулган. Мурда сот жообуна тартылган. Ал жеке ишкердин унаасын уурдап сатууга катышкан.
Шектүү М.А. 34 жашта. Талас облусунун Бакай-Ата районунда төрөлгөн. Маркумдун унаасын сатууга катышкан.
Шектүү С.Т. 30 жашта. Талас облусунда туулган. Ал маркумдун унаасын сатып алган жаран. Ал Сосновка постунан унааны жасалма номер менен айдап бара жаткан жеринен кармалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: