Ырчы Данияр Эрматов сүйүктүүсүн тапты. Ал качан үйлөнө турганын айтты
Ырчы Данияр Эрматов сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу кыргыз элим, сүйүктүүмө жолуксам өзүм сүйүнчүлөйм деп сиздерге убада берип дайым айтчу элем. Мына бүгүн ошол күндү Кудайым насип кылып, сиздер менен тааныштыргым келди. Бул кыз менин сүйгөнүм", - дейт Эрматов.
Ырчынын сүйлөшкөн кызынын аты Айсалкын Садыкова.
Эрматов SUPER.KG порталына Айсалкын менен сүйлөшкөнүнө 2 айдын жүзү болгонун айтты. "Кудай буюрса, быйыл ноябрь айында баш кошобуз деп пландап жатабыз" дейт ырчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
3

Урматтуу элим эки жашка бакыт таалай каалап коёлу, 2-ай деле бири бирин түшүнүп , сүйүшкөнгө жетишээрлик убакыт, кээ бирине 10 жыл да аздык кылат