Эл өкүлү Ысык-Көл облусунун генералдык планын иштеп чыгууну сунуштады
Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоого багытталган мыйзам долбоору каралды.
Жыйын жүрүшүндө депутат Нурбек Алимбеков Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо багытында 3 фонд иш алып барып жаткандыгына токтолуп, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн бул фонддордо жалпысынан 1 миллиард сом чамасында каражат бар экенин тактады. Алимбеков бул каражаттарды максаттуу пайдалануу керектигин белгилеп, анын негизинде Ысык-Көлдүн генералдык планы, керек болсо облустагы ар бир айылдын өнүгүү пландары түзүлүшү керектигин айтты. Ошону менен катар республика аймагында айрыкча, Бишкек шаарынын тегерек четиндеги бир катар эс алуу жайлары саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды колдонуп келе жатканын билдирди. Ал бул багытта тиешелүү мамлекеттик мекемелердин алып барып жаткан иштерине канааттанбагандыгын кошумчалады.



