super.kg logo

Өзбекстанда эркектер декреттик өргүү шылтоосу менен акча алып турушкан

 

Өзбекстандын айрым бюджеттик мекемелеринде эмгектенген эркектер 3 миллиард 1 миллион сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул алып келишкен. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Анда кызматкерлер жалган документ менен декреттик төлөм алып турушканы айтылган.

"Жизак облустук тери-венерологиялык диспансеринин экономистине 2 миллион 100 миң сум, Жизактагы мектептердин биринин кароолчусуна 900 миң сум төлөнүп берилген. Мындай иш-аракеттер 2 жарым жылдан бери уланып келе жаткан. Буга жөлөк пулдарды чегерүү кызматынын тиешеси бар экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, иликтөөнүн алкагында 61 кызматкер дисциплинардык, 141 кызматкер административдик жана эки кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ал эми 1 миллиард 1 миллион сум ыктыярдуу түрдө мамлекеттин казынасына кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2019. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ыктыярдуу турдо кайтарып беришиптир.бизде да тецтен жеп алгандар ыктыярдуу кайтарып беришээр ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: