super.kg logo
  Саясат  

Мэр Иса Өмүркулов Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчисине сөгүш жарыялады

 
Бишкек шаарынын мэриясынын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө мэр Иса Өмүркулов балдардын спорт аянтчаларын уюштуруу иштерине тиешелүү көңүл бурулбагандыгы үчүн Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчисине сөгүш жарыялады. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта билдиргендей, шаар башчысы балдардын спорт аянтчаларын уюштуруу, алардын айланасын тартипке келтирип, көрктөндүрүү иштерин август айынын аягына чейин аяктоо боюнча тиешелүү адамдарга тапшырма берди. Ошондой эле Өмүркулов аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун катышуусу менен текшерүү жүргүзүлөрүн белгиледи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: