Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жеңил унаа эркек кишини сүзүп, ал кырсык болгон жерден каза болду
Бишкекте Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-октябрда Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерден жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.
"Айдоочу кармалды, унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Тосмо арыз деген тушунукту качан жоесунар?!
Адам омурун алган жол кырсыгына куноолуу айдоочуларды сотко чейин эле айдоочулук укуктан 5-7 жылга дароо ажыраткан мыйзам киргизсенер болбойбу?!
Ошондо айрымдарынын мээсине жетет. Болбосо акчанын кучу, тааныш-билиштин суру менен талтандап журо беришет акмактар...