Педагогикалык билимине карабай, бардык мугалимдер 30 пайыз жогорулатылган айлык акы алат
Октябрь айынан тартып Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мугалимдер педагогикалык билимине карабай, 30 пайыз жогорулатылган айлык акы ала алышат.
Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтин билдиришинче, туура эмес маалыматтар жана түшүнбөстүктөр жаралгандыгы үчүн аталган мекеме маянаны жогорулатуу шарттарын дагы бир жолу эскертүүнү туура көрүшкөн.
"Кыргыз өлкөсүнүн "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык, мектепте мугалим болуп профилдик педагогикалык билими барлар гана иштей алат. Азыр Кыргыз өлкөсүндөгү мугалимдердин болжолдуу 2,5 пайызы бул талапка жооп бербейт. Бирок кайсы бир адистик боюнча орто же жогорку билимге ээ.
Жогорку жана орто билимге ээ болгон педагогдордун окуу саатынын баасы буга чейин да айырмаланган эмес. Окуу саатынын баасы көтөрүлгөндөн кийин төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:
- орто кесиптик педагогикалык билимдүү адистердин бир сабагы - 60 сомдон 78 сомго чейин;
- бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 67,5 сомдон 87,8 сомго чейин;
- адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 75 сомдон 97,5 сомго чейин.
Токтомдо окуучулардын билим пайдубалын түптөгөн мугалим жана педагогдордун айлык акысын жогорулатууга приоритет берилген. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлык акысынын көтөрүлүшү төмөндөгүдөй болот:
- орто кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 78 сомдон 93,6 сомго чейин;
- бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 87,8 сомдон 105,36 сомго чейин;
- адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 97,5 сомдон 117 сомго чейин.
Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы менен азыркы учурдагы бардык кошумча төлөмдөр (бийик тоолуу райондор жана башка) сакталат", - деп жазылат билдирүүдө.




Бирдей эле мээнет кылып,билим беришет.Ошондо Жогорку окуу жайга(высш)толоп окуганга шарты жетпеген студенттер,Орто окуу жайдагы келечектеги мугалимдер иштегиси келбей калабы
Айлыкты кобойтконунордон кандай толк анан ?
Кайра эле жумушсуздук осуп жатпайбы