"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына орнотулган Сүймөнкул Чокморовдун айкели алмаштырылат




"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына орнотулган Кыргыз эл сүрөтчүсү, актёр Сүймөнкул Чокморовдун айкели алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Жаңы эмгек 17-ноябрь кыргыз киносунун күнүнө карата аталган орундукка орнотулат.
Буга чейин айкелчи Алмазбек Кожегуловдун жасаган айкели көпчүлүктүн купулуна толбой, коомдун нааразычылыгын жараткан. Алар жасалган айкелден Чокморовдун өң-келбетин көрө албай жатышканын айтып, тынчсызданууларын билдирип келишкен. Мындан улам Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд нааразычылыктарды эске алып, башка айкелчилерге көңүл бура баштаган. Азыркы жаңы айкелдин авторлору болуп, айкелчи Азамат Абдрахманов жана архитектор Нурсейит Мамбетказиев эсептелинет.
Буга чейин аталган айкелдин сүрөттөрү интернет беттерине тараганы боюнча жазганбыз.
СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун коомдун талкуусун жараткан эстелиги 2017-жылы 9-ноябрда Чүй кең көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишине "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлган.



