Депутат Момбеков Маданият министрлигине жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканын айтты
Бугүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулашты.
Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 миллиард 708 миллион сом суммада болжолдонууда. 2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом суммасында каралууда. Ошентип келерки жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 миллиард 663 миллион сом деӊгээлинде белгиленген.
Жыйын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков 2018-2019-жылдагы бюджеттин пландарын аткара албай туруп, 2020-жылга карата бюджет кантип бекитилет деген пикирин айтты. Келерки жылдын бюджетине Ички иштер министрлигинин айлык акысын көтөрүү сунушталды. Маданият өкүлдөрүнүн дагы айлык-акысын жогорулатуу керектигин кошумчалады.





1 |