Татарстанда 1-класстагы окуучулардын оозун скотч менен чаптаган мугалим жумушунан кетти
Татарстандын (Орусия) Альметевск шаарынын мектептеринин биринде мугалим 1-класстагы окуучулардын оозун скотч менен чаптаган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
Маалым болгондой, окуучулар сабак учурунда сүйлөгөнү үчүн мугалим ушундай кадамга барган. Мындан улам, ата-энелер арызданып, бир окуучунун ата-энеси полицияга арыз менен кайрылган.
Бул окуя боюнча аталган шаардын Билим башкармалыгынын жетекчиси Ирина Павловская мугалим жумуштан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди. "Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат, ошондой эле прокуратура дагы иштеп жатат. Мугалим өз ыктыяры менен жумуштан кеткен", - деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.