super.kg logo
  Саясат  

Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты

 

Саясатчы Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-октябрда шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу жыйында билдирди.

"Элдин көпчүлүгү шайлоо системине нааразы. Алар партиянын төрагалары орунду сатат экен, депутаттарды эл шайлабай эле ушулар шайлайт деп айтышууда. Эл партиялык системге нааразы болуп жатышат. Тизмедеги талапкердин ордун партиянын лидери эмес, эл чечсин деп аларга бериш керек.

Ошондой эле парламентке жаңылардын келишине шарт түзгөн босоголук чекти коюу шарт. Менин оюмча, дүйнөлүк тажрыйбага ылайык босоголук чек 3 пайыз болушу керек. Босоголук чекти 3 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл. Ошондо Жогорку Кеңешке жаңы ой-пикирлер келе алат", - дейт Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: