super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониядагы мекендештери менен жолугушту

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда Японияга иш сапарынын алкагында мекендештери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Токио шаарында болуп өттү. Мамлекет башчысы кийин Кыргыз мамлекетинде колдонуу үчүн Япониянын эң жакшы жактарын үйрөнүүгө умтулган мекендештери менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.

Президент Япония Кыргыз өлкөсүнө эгемендүүлүк алгандан бери колдоо көрсөтүп келе жатканын, жалпы жардамдын суммасы 1 миллиард доллардан ашуун каражатты түзгөнүн, япон жардамынын бөлүнгөн каражаттарынын жарымы грант түрүндө болгонун эске салды.

"Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Япония менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Биз дагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Мени биздин жаштардын Япониянын алдыңкы технологияларын, япон тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырууда. Япониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонуу, илим, билим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн абдан маанилүү", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда мекендештер Япониядагы жашоо-турмушу жана келечек пландары тууралуу айтып беришти. Алар Япониянын жогорку окуу жайларында стипендиялык программаларга берилүүчү орундарды көбөйтүү өтүнүчүн келтиришти.

Жолугушууда Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү, жарандардын бул процесске катышуусу, улуттук экономикадагы кичи жана орто ишкердиктин орду жана башка маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков мекендештер мекенине кайтып келгенден кийин алган билимин, тажрыйбасын мамлекеттик органдардын ишмердигин жана мамлекеттик башкаруу системин жакшыртууга колдонот деген ишенимин билдирди.

"Келечек билимдүү жаштардыкы. Буга чейин Японияда түрдүү программалар аркылуу билим алгандар өлкөнү өнүктүрүүгө салымын кошуп, өздөрү иштеп жаткан тармактарды өзгөртүүгө даярдыгын көрсөтүшүүдө. Сиздер дагы алдыга койгон максаттарга жетип, өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн өз дараметиңиздерди колдонуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр менен Кыргыз мамлекетине кайтып келесиздер деп ишенем", - деди Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2019. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт эле японго окшош го бүтүк көздөр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: