Башкы прокуратура: "Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кайрылуу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү"
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбековдун кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"21-октябрда Башкы прокуратурага Темирлан Султанбековдон интернет-кайрылуу түшкөн. Анда Асылбек Жээнбековду "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча айтылган", - деп жазылат маалыматта.
Кечээ Темирлан Султанбеков Башкы прокуратура Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арызды кароону кабыл алганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
6

Былжырай берсин
Сенин мактаган Сооронбайдын президент деген аты бар, заты жок. Агасы бийлике келеери менен Асылбек отугун тескери кийди. Сотторго каалашынча приказ берип, кааласа каматтырып, кааласа чыгартып. Мындайды акмактар гана жасайт. Соке эки жыл иштеп эч бир натыйжалуу жыйынтык чыгаран жок. Кыскасы соттор Асылбектин жеке менчик буюмуна айланып калды. Соке кетмейинче соттордон адилетуу чечим кутуп болбойт. Дагы 4 жыл элдин шору. Сооронкенин калпын угуп журо беребиз.