super.kg logo

Өлкө аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

 

Өлкө аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 миллион 300 миң -1 миллион 400 миң тоннаны түзөт. Өлкө ичинде мунайзаттарын өндүрүүдө оңдуу жылыштар болгону менен, Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80 пайызы Орусиядан келет.

Андан ары рынокто эң төмөнкү наркта, орточо алганда 15-20 пайыз арзан сатылып жатат. Муну менен эсепке алынбаган мунай продукцияларына акциздик салык төлөнбөйт.

2018-жылда ыкчам топ тарабынан коңшу мамлекеттен күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 73 факт катталды, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 миллион сомго барабар. Ыкчам-рейддик иш-чараларды ишке ашырууда аныкталган материалдар боюнча бир катар ишкерлерге административдик мүнөздөгү чаралар кабыл алынды.

Экономика министрлиги Улутттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып, 2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 пайыз же 12 миллион сомду түзгөнүн маалымдады. Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8 пайызды же 5,3 миллион сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкөгө ташылып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.10.2019. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бензин кымбаттайт дегиле анан
23.10.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элге кыйын болот экен да бензин кымбаттап,башкача жолдорун да карабапсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: